"Айдоочу арыктан суу алып токтогон". Тажик чек арачылары Кыргыз жаранына ок чыгарган окуянын чоо-жайы

Бүгүн, 22-декабрда Баткен облусунун Лейлек районундагы Максат-Жаштык унаа жолунда тажик чек арачылары ок чыгарды. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынын билдиришти.

Маалыматка ылайык, аталган жол Кыргыз-Тажик мамлекеттик чек ара тилкесин бойлой өтөт.

Окуянын чоо-жайы:

Баткен облусунун Лейлек районундагы Максат-Жаштык унаа жолунда Кыргыз жараны КамАЗ унаасын айдап бара жаткан.

Айдоочу арыктан суу алуу үчүн токтогон. Ошол учурда анын жанына үч тажик аскер кызматкери келип, унаага отуруп, Тажикстандын аймагына барууну талап кылышкан. Айдоочу тажик чек арачылары менен бирге жолду бойлой айдап бара жаткан.

Көңүл буруу үчүн айдоочу күтүүсүздөн жолдо келе жаткан дагы бир унаанын жолун тосуп, тажик аскерлери тарабынан кармалганын айтып кыйкырганга үлгүргөн. Тажик чек арачылары унаадан түшүп, айдоочу кыймылын уланта берген.

Тажик аскер кызматкерлери КамАЗга ок чыгарып, цилиндр менен алдыңкы айнегине 3 жолу ок чыгарышкан.
Ошондой эле курал колдонуусунун натыйжасында, айдоочу айнектин сыныктарынан майда чийиктерди алган.

Учурда Лейлек тилкеси боюнча Кыргыз өлкөсүнүн чек ара өкүлдөрү менен Ганчинский тилкеси боюнча Тажикстандын чек ара өкүлдөрүнүн жолугушуусу өтүүдө.

Окуя болгон жерде жагдайды тактоо үчүн УКМКнын Баткен облустук башкармалыгынын башчысы, полковник К.Төлөнбаев жүрөт.

Мамлекеттик чек аранын бул тилкесиндеги абалды чек ара кызматы көзөмөлдөйт.

Белгилей кетсек, буга чейин жолдо унаасын айдап бараткан Кыргыз жаранын тажик чек арачылары атып, качып кеткендиги тууралуу видео социалдык тармакка тараган.

Эскертүү: видеодо сөгүнгөн сөздөр бар.

Тажик чек арачылары Кыргыз жаранына ок чыгарганы айтылды
Бактыбек Калмаматов камакка алынды, себеби эмнеде?
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
Zhoro
2021-12-22 17:31:44
Чек ара тууралуу комментарий калтырып бир жарым жыл банга кирдим ...
+9
sultan89
2021-12-22 17:33:25
Макулдашылды бизге башка тийбегиле,окунучтууу
+10
Alinur96kg
2021-12-22 17:49:20
Камаздын айдоочусуна тушундуруу иштерин жургузушот.Андайлар привычка болуп калган.Башка колдорунан эч нерсе келбейт.
+10
nazira...
2021-12-22 17:56:57
Эмне кылыш керек бу та0жиктерди, ушундай да акмак келишеби. Бир гана кудай берсин жазаларын, болгондо да двойной берсин.
+9
Isken90
2021-12-22 18:34:16
Кана баатыр сынган кыйндар Ташиев биз келсек кыйратабыз дединер элего
+5
himik
2021-12-22 18:46:09
Ушул участоко аскерлерди коюш керек, күндүздүн күнү ушинтип кирип келип атса түндө кандай болот?
+9
Isken90
2021-12-22 19:43:55
Согушуп же нары кылалы же бери кылалы тойгозду итен тараган тажиктер
+8
Dalil
2021-12-22 21:35:29
Isken90,ошол согушту чыгарыш учун алар ушинтип тынбай ар кандай ызы чууларды чыгарып жатышат. Алар азыр орустардын курал жарагына ишенип согуш чыгарып жерди кенейтуунун аракетинде.
+1
bond0202
2021-12-22 20:34:29
Укмк.чек араны бирдей башкарып ана доопарас неге унчукпайт.дакансалар айтпайсынарбы чек арадагы тажиктердин озу билемдигине каршы аракет кыл деп.мактанып бир нерсени суйлоп койсо уялбай кыйкырып чыгасынар Ташиев алга деп.бул деген бийликтин элди ойлобогону.
+4
abusait
2021-12-22 21:26:53
Бактыбеке кучунорду чыгарбай ушу тазиктерге барбайсынарбы укымка..
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан