3 миң сомдон сатылган көмүр түгөндү. Арзан көмүр сатуу мындан ары улантылабы?

Бүгүн түндө Кара-Кечеден арзан баада сатылып жаткан көмүр Бишкек шаарына келип түшөт. Бул тууралуу "Кыргыз көмүр" ишканасына байланышканыбызда билдиришти.

"Бүгүн түндө Бишкек шаарында баасы 3 миң сомдон сатылып жаткан көмүр келип түшөт", - деп билдиришти аталган ишканадан.

Буга чейин телеграмдагы "көмүргө кезек" тайпасында шаар тургундары арзан көмүр сатылган базада көмүр жок экендигин айтып чыгышкан.

20-декабрда "Кара-Кече" көмүр кенинде көмүр казуу иштери бир апталык тазалоо иштеринен кийин кайрадан жанданганы айтылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Taalaibek.
2021-12-23 08:45:07
3 мин сом деген бекер эле соз болуп калды. Чынында 3 мин эмес эле 4500 сомдон сатты!
0
ErkinOkenovich
2021-12-23 12:56:59
Taalaibek.,озун барып ошол 3000сомдук комурду алдынбы? Же уйдо олтуруп алып,бироолордун айтканы менен эле айтып койдун?
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан