Футзал: Бүгүн Кыргыз курамасы Грузияга каршы экинчи жолдоштук беттешин өткөрөт

Бүгүн, 22-декабрда Тбилиси шаарында футзал боюнча Кыргыз улуттук курама командасы Грузияга каршы экинчи жолдоштук беттешин өткөрөт.

Оюн Бишкек убактысы боюнча саат 19:00дө башталат. Бул жолдоштук беттеш 2022-жылы өтө турган Азия Кубогуна Кыргыз курамасынын даярдыгы катары өтүүдө.

Кечээ, 21-декабрда эки кураманын алгачкы жолдоштук беттеши өтүп, анда Кыргыз футзалчылары Грузияны 2:1 эсебинде жеңип алган.

Белгилей кетсек, Кыргыз өлкөсүнүн курама командасы мелдешке даярдык көрүү үчүн 13-19-декабрда Чолпон-Ата шаарында окуу-машыгуу, ошондой эле Азия кубогунун тандоо этабына даярдануу максатында футзал жыйынын өткөргөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан