Бүгүн, 22-декабрда Жогорку Кеңештин кезектеги жыйынында “Кыргыз Республикасынын 2022-жылга республикалык бюджети жана 2023-2024-жылдарга болжолу жөнүндөгү” мыйзам долбоору экинчи, үчүнчү окууда каралды.
Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин төрагасы Эмиль Токтошев жалпы кирешелер 282 112,9 миллион сом суммасында же ички дүң продукциясына карата 39,5 пайыз экенин айтты. "Анын ичинен салыктык кирешелер – 76 898,4 миллион сом, салыктык эмес кирешелер – 1 651 миллион сом деп болжолдонууда”, - деди ал.
Жыйынтыгында мыйзам долбоору колдоо тапты.