Бүгүн, 22-декабрда Жогорку Соттун судьясы Дильфуза Боронбаеваны кызматтан убактылуу бошотуу маселеси каралып, колдоо таппай калган. Кайрадан добуш берүүгө коюлуп сунуш колдоо тапты.
Президенттин жана министрлер кабинетинин Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлү баяндама жасады. "Дильфуза Боронбаеваны кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча макулдук берилгендигине байланыштуу кызматтан бошотууну сунуштайм", - деди ал.