Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту сот процессине келгендерге жана катышуучуларга менменсинүү жана жек көрүүчүлүк менен мамиле кылууда. Бул тууралуу Акыйкатчы институту маалымдады.
"Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунда соттук процесстерге келгендерге жана катышуучуларга менменсингендик жана тоготпогон мамиле жасалууда. Райондук сотто жадакалса отургучтар жок. Мунун натыйжасында сот отурумуна келген пенсионерлер дагы кезекти туруп күтүп турушат. Бул райондук сотто үч кишилик гана отургуч бар", - деп жазылат билдирүүдө.
Буга байланыштуу Акыйкатчы институту Октябрь райондук жана өлкөнүн башка сотторунда адамдар үчүн зарыл шарттарды түзүү сунушу менен Кыргыз Республикасынын Сот департаментине тиешелүү кайрылуу жөнөттү.