22-декабрга карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 10 миллиард 440 миллион метр кубду түздү. Бул тууралуу "Электр станциялары" ачык акционердик коомунун басма сөз кызматынан кабарлашты.
"Бүгүн, 22-декабрга карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 10 миллиард 440 миллион метр кубду түздү. Суунун орточо күндүк агып кириши секундасына 155 метр куб, агып чыгышы 451 метр кубду түзүүдө", - деп билдиришти мекемеден.
Былтыр, 2020-жылдын 22-декабрында Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 12 миллиард 729 миллион метр кубду түзгөн.