23-декабрда өлкөнүн дыйканчылык аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт. Шамалдын багыты өзгөрүлүп, ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет борборунан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 23-декабрь күнү республиканын тоолуу райондорунда жолдорго муз тоңуп, тайгак болот. Ал эми Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир жерлеринде жамгыр, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо, Нарын өрөөнүндө кар жаайт. Талас менен Ысык-Көлдө күн ачык болот.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда күндүзү +7...+12
Талас облусунда күндүзү +7...+12
Ош облусунда күндүзү +10...+15
Жалал-Абад облусунда күндүзү +10...+15
Баткен облусунда күндүзү +10...+15
Ысык-Көл өрөөнүндө күндүзү +3...+8
Нарын болусунда күндүзү -1…-6 градус болот.
Борбор калаабыз Бишкекте +8...+1 жана Ош шаарында күндүзү +13...+15 градус жылуу болот.