22-декабрда “Түндүк электр” ишканасы 110/10 кВ “Алтын Казык” жогорку чыңалуудагы жаңы көмөкчордонду ишке киргизди. Бул тууралуу аталган ишкананын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, бул көмөкчордонду куруу Фрунзе шаарын келечекте өнүктүрүү жагынан 1989-1990-жылдары эле пландаштырылган. СССР тарагандан кийин каржылык көйгөйлөрдөн долбоор токтоп калган.
2021-жылы компания тармактарды куруу жана реконструкциялоо планынын алкагында Бишкектин түндүк бөлүгүндө жаңы көмөкчордондун курулушун ишке ашырды. Ошентип акыркы жылдары айланма жолдун жана "Дордой" базарынын аймагында көптөгөн жаңы конуштар жана соода объектилери пайда болду. Аталган калктуу конуштарды буга чейин 220/110/35/10 кВ “Главная”, “Тепличная”, “Карагачевая”, “Нижняя Ала-Арча” көмөкчордондору электр энергиясы менен камсыздап келген. 10 кВ аба чубалгыларынын узундугу 30 чакырымга чейин жеткен. Кышкысын абоненттер электр энергиясын көп колдонгон учурда үйлөрдө чыңалуу 160 ваттка чейин төмөндөгөн.
110/10 кВ “Алтын Казык” көмөкчордонунун курулушу Дордой, Эне-Сай, Дордой-2, Теңдик, Келечек, Нургожо-Ата, Мурас-Ордо, Алтын-Казык жана бул аймакта жайгашкан өнөр-жай жана соода объектилерин, ошондой эле, жаңы көмөкчордон 220/110/35/10 кВ учурдагы «Главная», «Тепличная», «Карагачевая», «Нижняя Ала-Арча» көмөкчордондорун түшүрүүнү камсыздайт.
“Түндүк электр” ААКсы көмөкчордонго 16 000 кВА кубаттуулуктагы трансформаторду, 10 кВ тышкы бөлүштүргүчтү орнотушту, ошондой эле 110 кВ жогорку вольттогу Главная-Кызыл-Аскер электр берүү линиясын өчүрүү иштерин жүргүзүштү.
Белгилей кетсек, жаңы 110/10 кВ «Алтын Казык» көмөкчордонунун курулушу эгемендүүлүк алгандан бери биринчи жолу “Северэлектро” ишканасынын өздүк каражатынын эсебинен жүргүзүлүүдө", - деп айтылат маалыматта.