Нарын облусунун Кочкор районунда автокырсык катталып, 1 адам каза болду. Кырсыктын кесепетинен дагы бир киши жабыркаганын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.
Маалым болгондой, Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 180-чакырымында (Кубакы ашуусу) Шкода Октавия үлгүсүндөгү жеңил унаанын айдоочусу рулга ээ боло албай, жолдун четиндеги бетон тосмону сүзгөн. Кырсыктын кесепетинен 1 эркек киши каза болуп, 1 эркек киши жабыркаган (аты-жөнү такталууда). Жерине 4 куткаруучу тартылып, каза болгон жарандын жансыз денеси "Тез жардам" кызматына өткөрүлдү дешти министрликтен.