Саналуу күндөн кийин Жаңы жыл майрамы. Бул майрамды бир жыл бою күткөн калк колунда болгон тамак-ашын жасап, жагымдуу маанайда жакындарынын жанында өткөрүшөт.
Майрам жакындаган сайын үй кожойкелери дасторконду жасалгалоо, түрдүү даамдарды жасоого даярдана башташат.
Жаңы жылдык дасторконду жасалгалоого болжолдуу канча каражат сарптайсыз деген суроо менен бир канча үй кожойкелерине байланышып сурап көрдүк.
"Көп эле кетет го, азыр бардыгы кымбат болуп жатпайбы. Бизге 8-10 миң сомдун тегереги кетет деп ойлоп жатам. Себеби өзүбүз дагы чоң үй-бүлөбүз, анан туугандар дагы майрамдап келет дегендей.
Мисалы, мандарин, алма, таттуулар, аз дегенде эки салаттын түрүн, жемиштер коюлуп, боорсок бышырылат, жер жемиш, майда-чүйдө керектүү нерселерди алып жатып эле ошого барып калат.
Мурда соода кылчу эмес элем, даярды жеп (күлүп). Быйылтан баштап конокторго дасторкон даярдоого соода кылып жүрүп, акча көп кетет экен деп таң калдым", - деп билдирди бишкектик тургун Мээрим Жээнбаева.
"Жаңы жылдык дасторкон даярдоого болжолдуу 5 миң сом сарптайм деп турам. Майрамга таттуулар, салаттын ингредиенттери, суусундуктар, торт жана тоок эти алынат. Бул эми үнөмдөп алганда. Үйдө жайында даярдап алган салат, кыям, туздалган бадыраң жана башка азыктарыбыз бар", - деди Ырыскан Токтомат кызы.
"Быйыл Жаңы жылдык дасторконду даярдоо үчүн 10 миң сомдой сарптайм деп турам. Мисалы, жакындарыма белек алам, үй-бүлөдө 4 адамбыз, 2 кызым бар, аларга өзүнчө белек даярдайм.
Быйыл экономикабыз төмөндөп кеткенине байланыштуу бардык нерсе кымбаттап кетти, ошого карабастан Жаңы жылдык дасторконду жакшы эле акчага даярдайбыз го. Мисалы, эң биринчи эле цитрус жемиштерин алабыз, салаттарды жасайм, кургак жемиштерди, таттууларды алабыз. Кыргыз болгондон кийин сөзсүз түрдө чучук коём, кыскасы дасторконду жакшы жасаганга аракет кылам. Бир жылда бир келген Жаңы жылга өзүбүздөн эч нерсе аягым келбейт. Балдарыбыз үчүн жана келген коноктор үчүн да жүзүң жарык дегендей", - деп билдирди Назгүл Канатбек кызы.
Бишкек шаарынын тургуну Айгүл Шаршеева быйыл азык-түлүктөр былтыркыга салыштырмалуу эки эсеге кымбат болуп жатканын айтты.
"Быйыл дасторконду жасаганга 7 жарым миң сомдой коротом деп турам. Жакында эле 2 жарым миң сомго үндүк алдык. Дасторконго алма, мандарин, курма, кургатылган жемиштерди алам. Эки түр салат жасайм деп турам. Тууганымдын балдарына белек алабыз. Былтыркы жылы азык-түлүктөр салыштырмалуу арзан болчу. Быйыл эки эсеге кымбат болуп жатпайбы.
Анан дагы тортту сөзсүз түрдө алабыз", - деп белгиледи ал.
"Жаңы жылды тортсуз элестетүү кыйын. Мисалы, тортту 700 сомго алабыз. Мындан тышкары балык, банан, мандарин, таттуулар, салатка керектүү азык-түлүктөрдү алабыз.
Биздин үй-бүлө чоң болгондуктан, болжолдуу 15 миңге чейин каражат сарпталат.
Эт, алма, туздалган бадыраң, кызылча, сабиз дагы бир канча азык-түлүктөрдү өзүбүз даярдап алганбыз. Быйыл кымбатчылык болуп жатат.
Мындан тышкары быйыл пиротехникалык каражаттарды албайбыз", - деди Маржан Алмазбекова.