Чүйдүн Токмок шаарында уурулук фактысына шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 19-декабрь күнү Токмок ШИИБине жаран арыз менен кайрылып, 19-декабрга караган түнү Токмок шаарындагы көчөлөрдүн биринде токтоп турган унаасынын терезесин белгисиз бирөө сындырып, ичинен 8 миң сом акчасын уурдап кеткенин билдирген.
Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, териштирүү иштери башталган. Жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш амалдарынын натыйжасында, жогорудагы кылмышка шектелип 1990-жылы туулган У.Е. аттуу жаран кармалган. Учурда териштирүү иштери жүргүзүлүүдө.