Ош облусунда күйөөсүн бычактап өлтүргөн аял бир айга камакка алынды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Окуя 9-декабрь күнү Ош облусунун Кара-Суу районунун Шарк айыл аймагында болгон. Анда 57 жаштагы күйөөсүн 41 жаштагы аялы бычак менен сайган.
"Болжол менен саат 19:40 чамасында аялы менен күйөөсү бирге спирт ичимдиктерин ичип отуруп, өз ара пикир келишпестиктен улам ашкана бычагы менен күйөөсүн көкүрөк тушуна бир жолу сайып жиберген. Мындан улам ал алган жараатынан улам окуя болгон жерден каза болгон.
Бул факты боюнча иш козголуп, каза болгон жаранга соттук-медициналык экспертиза дыйындалган. Кылмышка шектүүнүн баш коргоо чарасы каралып, Кара-Суу райондук соту тарабынан 1 айга камакка алуу чечими кабыл алынган. Учурда тергөө иштери уланууда", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.