Келе жаткан 2022-жыл кандай болот, бизди эмнелер күтөт жана бул жылы биз кандай иш-аракетте болушубуз керек, эмнеден сактанышыбыз керек? Бул суроолорго казакстандык нумеролог, психолог Айсулуу Ахимова айтып, бир канча кеңештери менен бөлүштү.
Келе жаткан 2022-жыл нумерологияда 6 саны менен белгиленет. Бул жыл көпчүлүктүн чыдамкайлыгын жана сабырдуулугун сынайт. Нумерологияда 6 күчтүү сан. Анын негизги өзгөчөлүктөрү - эмгекчилдик, аракетчилдик жана чечкиндүүлүк.
Көз - 2022-жылдын негизги органы. "Күн сайын таң эрте терезеден алысты карап, табияттын сулуулугу, көркөмдүгүнө көз чаптырыңыз. Таңды жакшы маанай, табияттын кооздугу менен тосуп алуу күндү жемиштүү, берекелүү кылат". Муну келе жаткан жылдын негизги "көнүгүүсү" десек болот.
Бул жылы кандай гана иш болбосун болгон күч-аракетти жумшоо керек. "Буюрганын көрөм" деп ийгиликке же кокустукка ишенип отуруу эң акылсыз кадам болот. Медалдын эки тарабы бар демекчи, бул жылдын экинчи тарабына да көңүл бурууну унутпаңыз. Дегенибиз, жылдын экинчи тарабы импульсивдүүлүк, шашмалык жана катаал аракеттер менен байланыштуу. Мында күтүлбөгөн окуялар көп катталышы мүмкүн.
2022-жылдын коркунучу экономикалык жактан алсыздоо болуп саналат. Ошондуктан бул жылы буюмдарды сатып алууда этият болуп, ашыкча чыгым болууга ашыкпаңыз. Ошондой эле агрессиядан, шашып чечим кабыл алуудан сактаныңыз. Болбосо пландарыңызга залакасы тийип калат. Чечим кабыл алып жатканда жети өлчөп бир кесиңиз. Бул жылы лотереяга, казиного жана жеңил акчага кызыгуу күчөйт, натыйжада ири жоготуулар болушу мүмкүн. Сак болуңуз.
Мындан тышкары ишмердүүлүгүн алмаштыруу, жаңы жумушка орношуу же башка жакка көчүү (өзгөчө февраль, апрель, сентябрь айларында) көп болушу мүмкүн. 2022-жылы төрөлгөн балдарды чыдамкайлуулукка, эмгекчилдикке үйрөтүүнү пландоо керек.
Ал эми ден соолук маселесине келсек, бул жылы боорго, кан тамыр системасынын иштөөсүнө жана көзүңүзгө аяр мамиле кылыңыз. Мындан тышкары таза абада көбүрөөк болуңуз, бул жылы шамал жана аба өз түшүмүн берет.
Мындан сырткары бул жыл чет тилдерди үйрөнүү, кесиптик билимин жогорулатуу жана өзүн өнүктүрүү үчүн эң ыңгайлуу жыл. Ал эми спорт жаатында болсо өзгөчө йога, бий, футбол жана жөө жүрүү ден соолукка пайдалуу болмокчу.
Кирип келе жаткан жылды тосуп алууда эске алуу керек:
1. Жаңы жылдык дасторкондо жөнөкөй, тоюмдуу жана пайдалуу, сапаттуу азыктардан жасалган даамдар болуусу жакшы. Ошондой эле дасторконго жашылча-жемиштерди, аш-көктөр кошулган азыктарды коюңуз;
2. 2022-жылдын негизги татымалдары куркума, шафран, паприка;
3. Дасторкондун түсү ачык түстө болуусу жакшы. Ошондой эле идиш-аяктардын да ак түсүн тандаңыз;
4. Жаңы жыл күнү бир түстүү кийимдерди кийиңиз. Эркектер үчүн кочкул көк, кара, күрөң түстөр туура болсо, аялдар үчүн ачык көк, жашыл, алтын түстүү, агыш түстүү кийимдерди кийүү жакшы жышана.