Тажик тарап күнөөлөрүн моюнуна алышты. Кыргыз-Тажик чек ара өкүлдөрүнүн жолугушуусу орун алды

Баткен жана Согди облустарынын чек ара өкүлдөрүнүн жолугушуусу өттү. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, жолугушууда тараптар окуянын хронологиясы жана анын орун алган жери көрсөтүлдү.

Жыйынтыгында:
1. Тажик тараптын өкүлдөрү күнөөлөрүн моюнуна алышты жана мындан ары курал колдонуулар кайталанбашы айтылып, тажик тараптан күнөөлүүлөр жоопко тартылуусу кыргыз өкүлдөрүнө билдирилди.

2. Кыргыз тараптан сунушталган биргелешкен териштирүүдөн тажик тарап баш тарткандыктан, эки тарап ар кимиси өз аймагында териштирүү жүргүзүп, жыйынтыгы тууралуу бири-бирин маалымдоо макулдашылды (Тажик тараптан териштирүүнү Аскердик прокуратурасы жүргүзүүдө).

3. Эки тараптан өздүк курам арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү активдештирүү жана жакынкы кыска мөөнөттө чек ара заставалардын башчылары менен биргелешкен сабактарды уюштуруп өткөрүүнү макулдашты.

Маалымат үчүн:

Кечээ жолдо унаасын айдап бараткан Кыргыз жаранын (ред.: 1974-жылы туулган Б.Муталиев) тажик чек арачылары атып, качып кеткендиги тууралуу видео социалдык тармакка тараган. Андан соң окуянын чоо-жайы айтылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
asefsa
2021-12-23 10:42:28
Куноолорун мойнуна алганы менен кайра кайталанып атпайбы, мышык чычканды ойноткондой болуп
+6
-FREEDOM-
2021-12-23 10:42:57
Булар к.т айта берет кайта берет
+2
-FREEDOM-
2021-12-23 10:44:25
Эркеке окшоп айтканыда турбайт экенда
+3
Rusbayastan
2021-12-23 11:07:56
Биздин бийликтин эч нерсе кыла албашыны билип булар макул болушкан эмес да
+3
alinsan
2021-12-23 11:14:15
Адамдар жазалай албагандарды Аллах жазаласын!
+4
Tyttty1990
2021-12-23 11:53:08
Таджикистан издевается над нами. Надо воевать и отобрать наш жерге тал и мургаб
+5
bond02
2021-12-23 12:09:21
Жумушу жок жургон кезинде Баткенде бир нерсе болсо эле Ташиев жетип барып калчу, а азыр аткылап жатса да барбайт, очкого иштеп жургон экен кайран киши.
+5
AdylbekB84
2021-12-23 12:12:31
Булар үйрөнүп алышты эми жана атайылап ушинтип жатышат, себеби ушинте берсек кыргыздар жерлерин ташап кача башташат тынчтыктын жоктугунан дегендей таризде!
+9
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан