"Апамды молдого окутуп жүрүп майып кылып койдуң" деп жеңесин сабаган окуя. Шектүү Чек ара кызматында иштейт

Баткендин Кадамжай районунда кайнисинин баласы тарабынан сабалган аялдын абалы жакшы. Бул тууралуу SUPER.KG порталына аталган райондун Бирлик айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Жээнбек Маканбаев билдирди.

"Бул окуя бир туугандардын арасындагы өз ара пикир келишпестиктен улам чыккан. Аялды кайнисинин баласы сабаган. Ал Айдаркен шаарында Чек ара кызматында иштечү. Азыр эми камакта. Шектүүнүн үй-бүлөсү жакшы жашаган адамдар болчу. Азыр бул үй-бүлөнүн апасы ооруп, майыптар арабасында отурат. Анын себебин билбейм.

Сабалган аял дагы үй-бүлөсү менен тынч жашаган адамдар болчу. Азыр ал Ош шаарында ооруканада жатат. Абалы жакшы", - деди айыл өкмөт башчы.

Буга чейин, 18-декабрь күнү болжол менен саат 14:20 чамасына Кадамжай районунун Бирлик айыл аймагынын Сур айылынын тургуну, 30 жаштагы А.Ү. өзүнүн 61 жаштагы чоң энесин (жеңесин) Айдаркен шаарындагы соода базарынан "үйүңүзгө жеткирип коём" деп алдап, Деу-Матиз унаасына салып, жолдо бара жатканда “апамды бакшы, көзү ачык, молдого ысытма, суутма кылып сен майып кылып койгонсуң” деп уруп, сабап денесине жаракат келтирген.

Ибрагим Жунусов элчилик кызматынан бошотулду.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Bazana
2021-12-23 12:00:24
Шектуунун апасы баласын ошол женесине каршы чагым калган болсо керек. Ошол эле дубалатты анан мен ооруп калдым деп. Ал кудайдан, ар нерсе себеп болуп ооруп же тиги дуйного кктип атаыбзго
+11
Jelezo
2021-12-23 13:42:19
Баланын апасы баласынын көзүнчө авысынын жамандай берген баласы ошого ишенип алып сабаган эми түрмөдө акылы узарат.
+8
rahat73.
2021-12-24 09:09:48
Ал балага боштондук бербеш керек улуу кишиге кол көтөргөнү үчүн.Кызматка албаш керек ушундай тартиби жокторду
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан