Ички аскерлердин кол башчысы Исламбек Кенжекулов 11-январга чейин камакка алынды. Бул тууралуу SUPER.KG`ге Биринчи Май райондук сотунан билдиришти.
Маалыматка ылайык, ал 11-январга чейин Бишкек гарнизонунун гауптвахтасына камакка алынган.
Ички иштер министрлигинин Ички аскерлеринин кол башчысы Исламбек Кенжекулов аталган түзүмдө аныкталган ири коррупциялык факт боюнча кармалган.
Ага чейин Аскер прокуратурасы тарабынан өткөрүлгөн пландуу текшерүүдө өздүк курамга сатып алына турган тамак-ашка жана кийим-кечеге бөлүнгөн акчаны жалган фирмалардын эсебине мыйзамсыз түрдө которуу менен 33 миллион 946 миң сом уурдалганы аныкталганы кабарланган.