"Альянс" партиясынан депутаттыкка талапкер болгон Токтобүбү Оргалча клип тартты

"Альянс" партиясынан парламенттин депутаттыгына талапкер Токтобүбү Оргалча "Биз" деген ырына клип тартты. Оргалча клибин социалдык тармактагы баракчасына жүктөп, анын жаралуу тарыхы тууралуу айтып өттү.

"Бул ырдын жаралуу тарыхы абдан узун. Үч куплет ырда кыргыздын тарыхы, кыргыздын Кыргыз өлкөсүнө болгон сүйүүсү камтылган. Бул ырды ырдаганда кытайлык кыргыздар ыйлап, көз жаштары токтобой калат", - деген Оргалча.

БШК шайлоонун жыйынтыгын чыгарганда Токтобүбү Оргалча гендердик 30 пайыздык квотанын негизинде "Альянс" партиясынан депутаттыкка өткөн. Бирок БШКнын чечими менен партия макул эмес экенин билдирген. Өз кезинде депутаттык мандаттан четтеп калган Жанар Акаев билдирүү тараткан болчу. Токтобүбү Оргалча коомчулуктун пикирине жооп берип, ырдаганды жакшы көрө тургандыгын белгилеген. 21-декабрда Бишкек шаарынын административдик сотунда "Альянс" партиясынын Борбордук шайлоо комиссиясына каршы арызы каралып, БШКнын гендердик квота боюнча жаңы жобосун жокко чыгаруу чечимин чыгарды.

Токтобүбү Оргалча клип тартты
Токтобүбү Оргалча клип тартты
Ибрагим Жунусов элчилик кызматынан бошотулду.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Rusbayastan
2021-12-23 12:39:44
Ушунтип эле ырдап клип тартып журо бериниз
+4
Talastan
2021-12-23 18:12:14
Супер видео рекламадан акча таппай эле койгулачы. 1 минуталык видео коруш учун 50 секунд реклама коруш керек.
+1
Gulina00
2021-12-23 18:46:52
Ырдап бийлеп журо бериниз.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан