Жалал-Абад облусунун Сузак районунда дайынсыз болуп, кийин жансыз денеси табылган Сумая Хосилжанованы өлтүрүүгө шектелген жаран кармалды. Бул туурасында SUPER.KG порталына ИИМдин маалымат кызматынан бүгүн, 23-декабрда кабарлашты.
Белгилүү болгондой, Жалал-Абад ОИИБинин жана Сузак РИИБинин криминалдык милиция кызматынын ыкчам кызматкерлеринин жүргүзгөн ыкчам иликтөө иш-чараларынын натыйжасында, жогорудагы кылмыш ишин жасоого шектелип Жалал-Абад облусунун Сузак районунун тургуну, 1973-жылы туулган У. А. кармалып, убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
"Сурак учурунда шектүү күнөөсүн толугу менен моюнга алган. Ал Сумаяны мектепке бара жатканда азгырып үйүнө ээрчитип кеткенин, Сумаяны үч-төрт күн үйүнүн жер төлөсүндө колу, бутун скотч менен байлап кармагандыгын, анын денеси муздап, каза болуп калгандан кийин мүшөккө салып барып, дарыянын жээгине ыргытып салгандыгын жана кийим-кечектерин толугу менен өрттөп салгандыгын билдирген. Учурда толугу менен тергөө, иликтөө амалдары жүрүүдө.
Кылмышка шектүү Сузак районундагы айылдардын биринде жашап жүргөн. Он жыл мурда үй-бүлөсү кетип калгандыгы жана ал үйүндө жалгыз жашап жүргөндүгү такталды. Кошумча маалымат берилет", - дешти басма сөз кызматынан.
Маалымат үчүн:
Сумая Хосилжанова 18-ноябрь күнү саат 12:40 чамасында мектепке кеткен бойдон дайынсыз болуп жаткан. Аны издөөгө 100дөн ашуун ыктыярчы тартылган.
Жалал-Абад облусунун Сузак районунда дайынсыз болуп, 27-ноябрда жансыз денеси табылган Сумая Хосилжанованын өлүмү боюнча "киши өлтүрүү" беренеси менен иш козголгон.
Сумаяны акыркы сапарга узатуу зыйнатына 10 миңден ашуун адам катышкан. Анын сөөгү Сузак айылынын Кайрагач мазарына жерге берилген.