Кыргыз өлкөсүндө тартылган "Ала качуу" тасмасы "Оскарга" көрсөтүлдү

Немис режиссёрунун Кыргыз өлкөсүндө тарткан "Ала качуу" кыска метраждуу көркөм тасмасы беделдүү "Оскар" кино сыйлыгынын кыска тизмесине киргизилди. Бул туурасында кино ишмер Асель Шерниязова билдиргенин Кыргыз өлкөсүнүн Франциядагы элчиси Садык Шер-Нияз жазат.

"Кыргыз жергесинде тартылган "Ала качуу" кыска метраждуу тасмасы "Оскар" ала турган фильмдердин кыска тизмесине кирди. Режиссёру Мария Брендл. "Бардыгы болуп бул тизмеге 15 кыска метраждуу тасма кирди" деп Асель карындашым чалды. Кыргыз өлкөсү - кыска метраждуу тасмалардын өлкөсү дедим", - дейт ал.

"Ала качуу" тасмасы "Кыска метраждуу көркөм тасма" категориясында каралат.

Тасма 2019-жылы күз мезгилинде тартылып, анда никеге туруу үчүн уурдалган кыз салт менен эркиндиктин ортосунда калат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан