Кыргыздын балбан кызы Айсулуу Тыныбекова "Азиянын эң мыкты балбан кызы" деп табылды. Бул туурасында UWW Asia (Азия күрөш дүйнөсү) уюму өзүнүн Инстаграм баракчасына жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, уюм күрөштүн олимпиадалык (грек-рим, эркин жана кыз-келиндер арасындагы) түрлөрү боюнча жыл ичинде мыкты ийгиликтерге жетишкен спортчуларды тандаган. Анда "UWW Asia күрөштүн олимпиадалык түрлөрүнөн жылдын мыктылары аныкталып, Айсулуу Тыныбекова "эң мыкты балбан кыз" болду".
Белгилей кетсек, Айсулуу Тыныбекова быйылкы жылдын эсебинен Токио олимпиадасынан күмүш байге, ал эми Дүйнө жана Азия чемпиондуктарында алтын медаль уткан.
Спортчуларды сыйлоо аземи 2022-жылдын апрелинде Монголиянын борбору Улан-Батор шаарында өтө турган уюмдун Башкы ассамблеясында болот.