1-декабрдан тарта күчүнө кирген жаңы кодекстер басылып чыкты

Ушул жылдын 1-декабрынан тарта күчүнө кирген жаңы кодекстер басылып чыкты. Бул туурасында Башкы прокуратуранын маалымат кызматынан кабарлашат.
Башкы прокурор Курманкул Зулушев Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза, Кылмыш-жаза процессуалдык, Укук бузуулар жөнүндө кодекстерин иштеп чыккан эксперттик жумушчу топтун курамын, илимий чөйрөнүн өкүлдөрүн, укук коргоо органдарынын кызматкерлерин кабыл алды.
"Жолугушууда 1-декабрдан тарта күчүнө кирген кодекстердин иш жүзүндө колдонулуп жаткандыгы талкууга алынды. Жумушчу топтун мүчөлөрү кодексттерди иштеп чыгуудагы урунттуу учурларга токтолушуп, жасалган эмгектин жыйынтыгына канааттангандарын билдиришти.
Зулушев эксперттик жумушчу топтун мүчөлөрүнө жасаган зор эмгектери үчүн ыраазычылык билдирип, жаңы басылып чыккан кодекстерди белек катары тартуулады", - дешет басма сөз кызматынан.
Башкы прокурордун орун басары тарабынан Жогорку Соттун жетекчилигине Кылмыш-жаза, Кылмыш-жаза процессуалдык, Укук бузуулар жөнүндө кодекстеринин 400 нускасы белек катары тапшырылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан