"Соттук отурумга мас абалда келген". Акыйкатчы институту жактоочунун лицензиясын жокко чыгарууну өтүнөт

Акыйкатчы институту жактоочуну лицензиясынан ажыратуу өтүнүчү менен Адвокаттар коллегиясынын этика боюнча комиссиясына кайрылды. Буга бир катар кылмыштарды жасаган деп айыпталган соттолуучунун өтүнүчү себеп болгонун Акыйкатчы институтунан маалымдашты.

Белгилүү болгондой, акыйкатчыга соттолуучу Панфилов райондук сотунун отурумуна мониторинг жүргүзүү өтүнүчү менен кайрылган.

"3-декабрда өткөн сот отурумуна мониторинг жүргүзүүдө соттолуучу Р.Т`нын жактоочусу К.Ж.Раимкулов соттук отурумга алкоголдук ичимдик ичип, мас абалда келген (ал тайсалдап, андан спирттин кескин жыты чыккан). Бул факты боюнча Акыйкатчы аппаратынын кызматкери тарабынан акт түзүлүп, актыга сот процессинин 14 катышуучусу кол койгон.
Жактоочу К.Ж. Райымкулов Кыргыз Республикасынын адвокаттарынын кесиптик этика кодексинин талаптарын одоно бузган.Мас абалында сот отурумунда болуу моралдык жана этика нормаларына туура келбейт. Аты аталган жактоочу соттолуучуга квалификациялуу юридикалык жардам көрсөтө алган жок, унчукпай макулдук берүү менен чектелди.
Буга байланыштуу Акыйкатчы институту Кыргыз Республикасынын Адвокаттар коллегиясынын этика боюнча комиссиясына кайрылып, адвокат Канат Раимкуловго карата тартиптик өндүрүштү козгоп, жоопкерчиликке тартып, анын адвокаттык иш жүргүзүүгө лицензиясын жокко чыгаруу боюнча сунушун жөнөттү", - дешти аппараттын маалымат кызматынан.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан