Нарын дарыясынан эркек кишинин жансыз денеси табылды. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашкандай, учурда маркумдун аты-жөнү такталууда.
Белгилүү болгондой, Ак-Булуң айылында Нарын дарыясында асма көпүрөдөн өтүп бара жатып эркек адам сууга түшүп кеткен. Жерине 4 куткаруучу тартылып, маркумдун жансыз денесин суудан чыгарышып, ИИМдин кызматкерлерине өткөрүп беришти.