Президент Садыр Жапаров бүгүн, 23-декабрда өлкөдө каттоодон өткөн бир катар чет мамлекеттердин атайын жана ыйгарым укуктуу элчилеринен ишеним грамоталарын кабыл алды. Бул тууралуу президенттин администрациясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, ишеним грамоталарын Швейцария конфедерациясынын элчиси Оливье Бангертер, Монголияныкы Ганхуяг Содном жана Азербайжан Республикасыныкы Латиф Сейфаддин оглы Гандилов тапшырды.
Ишеним грамоталарын тапшыруу аземинен кийин Садыр Жапаровдун ар бир дипломат менен эки тараптуу жолугушууларынын жүрүшүндө өз ара мамилелерди тереңдетүүнүн, саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты бекемедөөнүн, соода жүгүртүү жана инвестициялык кызматташтыкты арттыруунун актуалдуу маселелери талкууланды.
Мамлекет башчысы мамлекеттер аралык саясий жана маданий-гуманитардык мамилелерди өнүктүрүүнүн жана тереңдетүүнүн, ошондой эле түз соода-экономикалык байланыштарды түзүүнүн жана Кыргыз өлкөсүнө чет элдик инвестицияларды тартууга дем берүүчү чаралардын маанилүүлүгүнө көңүл бурду.
Садыр Жапаров Кыргыз өлкөсүнүн артыкчылыктуу милдеттеринин бири чет элдик инвесторлордун кызыкчылыгын коргоо экенин баса белгиледи.
Бул үчүн өлкө жетекчилиги республикадагы инвестициялык климатты жакшыртуу боюнча активдүү иш алып барууда жана кыргыз тарап чет элдик инвесторлор менен биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга даяр экендигин билдирди.
Өз кезегинде Швейцариянын элчиси Оливье Бангертер анын өлкөсү менен Кыргыз өлкөсүнүн ортосунда көп окшоштуктар бар экенин белгиледи. Ал Садыр Жапаровду Кыргыз өлкөсүнүн демилгеси боюнча БУУнун Башкы ассамблеясында 2022-жыл «Эл аралык тоолорду туруктуу өнүктүрүү» деп жарыялоо жөнүндө резолюцияны кабыл алышы менен, ошондой эле парламенттик шайлоолордун өтүшү менен куттуктады.
Оливье Бангертер Швейцариянын тыгыз өз ара кызматташууга жана Кыргыз өлкөсүнүн өнүктүрүү программасына 22 миллион АКШ долларын бөлүүгө даярдыгын белгиледи.
Элчи Ганхуяг Содном Монголиянын президенти Ухнаагийн Хурелсухтун ысык саламын жеткирип, өлкөлөр ортосундагы саясий байланыштын жогорку деңгээлин белгиледи. Ал келерки жылы эки мамлекеттин ортосунда дипломатиялык мамилелердин орногонуна 30 жыл толорун эске салды.
Азербайжандын элчиси Латиф Сейфаддин оглы Гандилов өлкөлөрдү байыркы түрк тамыры жана совет доору боюнча жалпы тарых, маданий жана руханий мурастар бириктирип турганын баса белгиледи.
Жолугушуулардын соңунда мамлекет башчысы Кыргыз өлкөсүнүн ынак коңшулаштык, достук жана кызматташтыкты өнүктүрүүгө кызыкдар экенин дагы бир жолу белгилеп, элчилердин маанилүү жана жооптуу дипломатиялык кызматына ийгиликтерди каалады.