SUPER.KG порталында жана YouTube каналындагы “Эркекче!” ток-шоу берүүсүнүн кезектеги чыгарылышы жарык көрдү. Анда көп аялдуулук тууралуу кызуу талкуу болду.
Ток-шоуго келген белгилүү режиссёр Ырыс Жоомартова дагы бул жаатта өзүнүн оюн айтып өттү: "2-аял алган тааныштарыбызды көрүп эле жүрөбүз. 1-аялынын жанында отурганда 2-аялы чалса калтырайт. 2-аялынын жанында отурса 1-аялы чалса калтырайт. Ошентип эркектер өздөрү эле ооруп калып жатышкандары канча".
"Ортодогу балдардын психикасын дагы ойлонуш керек мындай жагдайда", - дейт режиссёр.
"Эркекче!" ток-шоунун көп аялдуулук боюнча талкуу орун алган толук чыгарылышын видеодон көрүңүз.