23-декабрга карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 10 миллиард 414 миллион метр кубду түздү. Бул тууралуу "Электр станциялары" ачык акционердик коомунун басма сөз кызматынан кабарлашты.
"23-декабрга карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 10 миллиард 414 миллион метр кубду түздү. Суунун орточо күндүк агып кириши секундасына 171 метр куб, агып чыгышы 467 метр кубду түзүүдө", - деп билдиришти мекемеден.
Былтыр, 2020-жылдын 23-декабрында Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 12 миллиард 676 миллион метр кубду түзгөн.