Ысык-Көлдө мыйзамсыз кыйылган карагайларга карата рейд жүрдү

Ысык-Көл облусунда "Жаратылыш" аталышында рейд өттү. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 23-декабрда аталган иш-чаранын алкагында Ак-Суу РИИБинин кызматкерлери тарабынан Кайырма-Арык айылынын 40 жаштагы тургунунун үйүнөн мыйзамсыз кыйылган 3 даана карагай табылган.

Аталган факты райондук милициянын маалымат электрондук журналына катталып, келтирилген материалдык зыяндын өлчөмүн аныктоо үчүн чогулган материалдар тийиштүү мамлекеттик органдарына жиберилди.

Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгы жергиликтүү тургундарды айлана-чөйрөнүү сактоодо жарандык жоопкерчиликтерин көтөрүүгө чакырып, мыйзамсыз бак-дарактарды кыюу үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен жоопкерчиликтер каралгандыгын эскертишет. Эгерде кимде-ким мыйзамсыз бак-дарактарды кыюу менен алектенип жүрүшкөн жарандар жөнүндө маалыматтары болсо, милициянын «102» кызматына билдирип коюуну өтүнүшөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан