Президент Садыр Жапаров Режеп Тайып Эрдоган менен телефон аркылуу сүйлөштү

Бүгүн, 23-декабрда президент Садыр Жапаров Түркия Республикасынын президенти Режеп Тайип Эрдоган менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу президенттик администрациянын маалымат кызматынан билдиришти.

Сүйлөшүү жүрүшүндө мамлекет башчылары Кыргыз-Түрк мамлекеттеринин ортосундагы дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына байланыштуу бири-бирин жылуу куттукташты.

Президент Садыр Жапаров Түркия Кыргыз өлкөсү көз карандысыздыгын тааныган, дипломатиялык алака түзүп жана элчилигин ачкан алгачкы өлкө экенин канаттануу менен белгиледи.

"Түркия биз үчүн боордош мамлекет, ишенимдүү дос, ошондой эле мезгил сынагынан өткөн өнөктөш. Кыргыз өлкөсү Түркия менен мамилеге өзгөчө маани берет", - деп белгиледи Садыр Жапаров.

Өз кезегинде президент Режеп Тайып Эрдоган 2021-жылы кыргыз-түрк мамилелерине стратегиялык өнөктөш макамы берилгенине 10 жыл болгонун белгиледи.

Буга байланыштуу ал стратегиялык кызматташтык боюнча Жогорку Кеңештин 2021-жылдын июнь айында өткөн жыйынынын жыйынтыгында жетишилген макулдашууларды ишке ашырууга өз ара күч-аракетти жумшоону сунуштады.

Түрк лидери 2022-жылы Кыргыз өлкөсүнө келүү ниетин билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан