Бүгүн, 23-декабрда Улуттук статистика комитети менен БУУнун Кыргыз Республикасындагы Балдар фондунун өкүлчүлүгүнүн ортосунда өз ара түшүнүшүү жана кызматташтык боюнча меморандумга кол коюлду. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттен билдиришти.
Маалыматка ылайык, “2022-жылга карата көптөгөн көрсөткүчтөр боюнча кластердик изилдөө (КККИ)” долбоорун жүзөгө ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети менен БУУнун Кыргыз Республикасындагы Балдар фондунун Өкүлчүлүгүнүн ортосунда өз ара түшүнүшүү жана кызматташтык боюнча меморандумга кол коюу иш-чарасы болуп өттү.
Меморандумга Улуттук статистикалык комитетинин төрагасы Бактыбек Кудайбергенов менен ЮНИСЕФтин Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгүнүн башчысы Кристин Жольм кол коюшту.
Меморандум өзүнө жогоруда белгиленген долбоорду ишке ашыруудагы тараптардын принципиалдык багыттар боюнча кызматташуусун жөнгө сала турган жобо менен шарттарды камтыйт.