Бүгүн, 23-декабрда болжол менен саат 23:00 чамасында Бишкек шаарындагы Жибек-Жолу жана Тоголок Молдо көчөлөрүнүн кесилишинде унаа өрттөнүп кетти. Мындай видео социалдык тармактарга тарады.
Видеодо көрүнгөндөй, жолдун четиндеги унаа өрттөнүп, өрт өчүрүүчүлөр аны өчүрүп жатканын көрүүгө болот.
Бул боюнча Өзгөчө кырдаалдар министрлигине байланышуу азырынча мүмкүн болбой жатат.