Бишкекте кыргыз спортчулары катышкан "Олимп балы" өттү. Иш-чарага маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов катышты.
Спорт коомчулугу катышкан майрамдык салтанатта министр Азамат Жаманкулов бардык спортчуларды келе жаткан Жаңы жылы менен куттуктап, ийгиликтерди каалады.
Азамат Жаманкулов 2021-жыл Кыргыз мамлекети үчүн анын ичинде ата мекендик спорт багытында жемиштүү жыл болгондугун белгилеп, бул жеңиштер кыргыз спортчуларынын ийгилиги менен коштолгондугуна токтолду.
Дүйнө коомчулугун көңүлүн бурган кыргыз балбандарынын ийгилиги менен бирге өлкөдө дзюдо боюнча Азия жана Океания биринчилиги, Ысык-Көлдүн жээгинде жөө күлүк Сатымкул Жуманазаровдун элесине арналган 3000ден ашуун спортчулардын катышкан "ШКУнун Ысык-Көл эл аралык марафону", XXXII жайкы Олимпиадалык оюндары, Осло шаарында өткөн күрөш боюнча Дүйнө биринчилиги, Белградда өткөн 23 жашка чейинкилер арасындагы күрөш боюнча Дүйнө биринчилиги сыяктуу ири маанилүү спорттук иш-чараларга токтолуп, курама командалар арасында кыргыз спортчулары мыкты натыйжага жетишип, тарых жаңылангандыгын сыймыктануу менен белгилеп өттү.
Эске салсак, "Олимп балына" Бишкек шаарындагы, өлкөбүздүн жети дубанынан келген спортчулар, ардагерлер, меценаттар катышты. Ал концерттик программа менен коштолуп, кыргыз спортчуларынын ийгилиги даңазаланды.
Автор: Бактыгүл МомбековаФото: Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги