Бүгүн, 24-декабрга карата республика боюнча коронавирус инфекциясынан айыгып, үйлөрүнө чыгарылгандардын саны 55 болду. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан белгилүү болду.
Бишкек шаары – 33;
Ош шаары – 7;
Чүй облусу – 3;
Ош облусу – 3;
Ысык-Көл облусу – 5;
Жалал-Абад облусу – 1;
Баткен облусу – 3.
Муну менен өлкөдө коронавирус илдетинен жабыркап, андан айыккандардын саны 179 миң 497 болду.
Бүгүнкү күнгө карата стационардык дарыланууда жалпы 287 бейтап жатса, ал эми амбулатордук дарыланууда 337 бейтап бар. Стационарда дарыланып жаткан бейтаптардын ичинен 137 киши оор абалда, 20 адам өтө оор абалда.