Өлкөдө жыл башынан бери кумшекер 12 сомго чейин кымбаттады

Өлкөдө жыл башынан бери кумшекердин баасы 12 сомго жогорулады. Мындай маалымат Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги тарабынан белгилүү болду.

Маалыматка ылайык, кумшекердин баасы март айында 54 сомдон 63 сомго чейин кымбаттаган.

"Ошол кезде Экономика жана коммерция министрлиги менен соода түйүндөрүнүн ортосунда макулдашуу түзүлүп, анын аркасында бааны турукташтырууга мүмкүн болгон. Андан соң кумшекердин баасын мамлекеттик жөнгө салуунун натыйжасында 25-августуна чейин туруктуу болгон жана бир аз төмөндөгөн. Мамлекеттик жөнгө салуу аяктагандан кийин кумшекердин баасы кайра көтөрүлө баштаган.

Ноябрь айынын аягынан тарта республиканын кант заводдору кумшекердин дүң сатуу баасын 64 сом 85 тыйынга (килограммы) чейин көтөрүштү.

Мындан улам соода тармактарында баа 66-68 сомго чейин көтөрүлгөн.

Кумшекердин дүң сатуу баасын - жеткирүүнү кошкондо 64 сом 85 тыйындан 63 сомго чейин өзгөртүү боюнча макулдашууга жетишилди. Натыйжада чекене түйүндөрдө кумшекер 65 сомдон сатылууда", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан