Бүгүн Бишкекте президенттик балаты өтөт

Бүгүн, 24-декабрда президент Садыр Жапаров балдар үчүн жыл сайын өтүүчү салтка айланган Жаңы жылдык балатыга катышат. Иш-чара Кыргыз улуттук филармониясында өтөрүн президенттик администрациядан кабарлашты.

Иш-чарага өлкөнүн бардык аймактарынан 8 жаштан 14 жашка чейинки 1100 бала чакырылды, анын ичинде окуунун отличниктери, олимпиадалардын, эл аралык сынактардын жана турнирлердин жеңүүчүлөрү, балдар үйлөрү, Кичи жана Улуу Памирдеги этникалык кыргыздардын, укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин балдары жана кызматтык милдеттерин аткарууда курман болгон аскер кызматчыларынын, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары, ошондой эле ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдар катышат.

Жаңы жылдык концерттик, театрлаштырылган программа КТРК, республикалык жана облустук телеканалдардын, ошондой эле социалдык түйүн баракчаларынын түз эфиринде чагылдырылат.

Түз эфирдин башталышы саат 10:55.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан