Бишкекте көп кабаттуу үйдөгү батирден өрт чыкты. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашкандай, өрт бүгүн, 24-декабрда эртең менен катталды.
Тагыраагы, Асанбай кичи районунда жайгашкан көп кабаттуу турак үйдөн өрт чыгып жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Өрттү өчүрүүгө 1 бөлүм, 1 автошаты тартылып, саат 07:07де чектөөгө алынып, 07:58де толук өчүрүлдү.
Учурда кырсыктын келип чыгуу себеби, жабыркагандар тууралуу маалыматтар такталууда дешет министрликтен.