Бүгүн, 24-декабрь күнү саат 07:59да Нарын облусунун аймагында очогунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу сейсмология институтунун басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жер титирөө Нарын районунун Куланак айылында 3,5 балл, Достук, Учкун айылдарында 3 баллга, Ак-Булак айылында 2,5 баллга чейин сезилген.
"Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок", - дешет Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен.