Бүгүн, 24-декабрда жаңы Салык кодекси боюнча маалымат жыйын өтүп жатат.
Маалымат жыйынга Салык кызматынын төрагасынын орун басары Бекболот Алиев, Экономика жана коммерция министрлигинин салык саясаты башкармалыгынын жетекчиси Кубанычбек Исабеков катышууда.
Анда жаңы Салык кодекси боюнча маалыматтар угулууда.
"Азыркы күндө иштеп жаткан Салык кодекси 10 жылдан ашуун иштеди. Кээ бир учурларда көптөгөн талаш-тартыштар келип чыккан учурлар болуп келген. Жаңы салык кодекси мына ушул кемчиликтердин алдын алуу болуп саналат.
Контролдук-кассалык машина боюнча көптөгөн суроолор жаралып жатат.
ККМ буга чейин деле колдонулуп жүргөн. Мындай талапты өкмөт коюп келген.
Анын эки түрү бар. Чакан ишкерлерге ыңгайлуу болушу үчүн программалык ККМди иштеп чыкканбыз", - деп билдирди Алиев.