Бишкек шаарында Жаңы Салык кодекси боюнча маалымат жыйын өтүүдө.
Жыйынга Салык кызматынын төрагасынын орун басарлары, Экономика жана коммерция министрлигинин салык саясаты башкармалыгынын жетекчиси катышууда.
"Чакан ишкерлер жаңы Салык кодекси боюнча көптөгөн суроолорду берип жатышты.
Мисал катары айта кетейин, ишкерлер мурун 1000 сомго патент алса, азыр ошол патентти албай койсо болот.
Салыктын мындай жолу салык төлөөнүн маданий жолуна өтүү.
Жаңы ККМди колдонууну үйрөнүп жаткан учурда кыйынчылыктар болушу мүмкүн. Бирок алар үйрөнүп алса болот. Бул жерде аларга, тагыраагы чакан ишкерлерге жеңилдик болуп жатат", - деп билдирди Бекболот Алиев.
Ошондой эле ККМди колдонбогон ишкерлерге айып пул салынары айтылды.
"Эгер ишкерлер ККМди колдонбой койгон учурда аларга 3 миң сомдун тегерегинде айып пул салынат. Бирок 2-3 ай ишкерлер ККМди колдонууну үйрөнүү этабы катары бул жагдай эске алынат", - деп кошумчалады ал.