Чүйдө ээн талаадан аялдын чирип калган денеси табылды

Чүйдө ээн талаадан аялдын чирип калган денеси табылды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 29-ноябрда саат 11:00 чамасында Ново-Покровка жана Сары-Жон айылдарынан 2 чакырым алыстыктан болжол менен жашы 45-55 чамасындагы белгисиз аялдын чирип калган денеси табылды.

Белгилери: Чачы кыска, өңү саман түскө чейин өзгөргөн, бою 160-165 сантиметр, үстүңкү ооз көңдөйүндө төртүнчүдөн башка бардык тиштери жок.

Жогоруда баяндалгандардын негизинде аялды тааныгандар болсо, Чүй облусунун ички иштер органдарына билдирүүнү өтүнөбүз.

Байланыш телефону: 0312 43-01-27, 0312 43-88-85, 0312 61 69 07, 0702 44 44 88, 0703 17 17 25.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан