Бишкек шаарындагы Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында президенттик балаты өтүүдө. Ага мамлекет башчысы Садыр Жапаров катышууда.
Иш-чара саат 11:00дө башталды.
Ага өлкөнүн бардык аймактарынан 8 жаштан 14 жашка чейинки 1100 бала чакырылды, анын ичинде окуунун отличниктери, олимпиадалардын, эл аралык сынактардын жана турнирлердин жеңүүчүлөрү, балдар үйлөрү, Кичи жана Улуу Памирдеги этникалык кыргыздардын, укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин балдары жана кызматтык милдеттерин аткарууда курман болгон аскер кызматчыларынын, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары, ошондой эле ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдар катышууда.