Жыл башынан бери Ош облусунун Кара-Суу районунун аймагында 327 жол кырсыгы катталган. Анда 51 адам каза болгон. Бул тууралуу облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.
"Былтыркы жылы 46 адамдын ѳмүрү кыйылган. Жараат алгандар 618, былтыр 366 адам денелеринен ар түрдүү жарааттарды алышкан. Талдоо кѳрсѳткѳндѳй, жол кырсыктары айдоочулар тарабынан жол кыймыл эрежесин сактабай, ылдамдыкты жогорулатып, туура эмес озуп ѳтүү учурунда жасалган кырсыктар басымдуулук кылганы белгилүү болгон.
Бул иш-чаралар жарандардын коопсуздугу үчүн кѳрүлүп жаткандыктан мындай иш-чаралар райондун аймагында тынымсыз ѳткѳрүлүп турат", - деп жазылат маалыматта.