Жаңы жылдык майрамга карата ички иштер органдары күчөтүлгөн тартипке өттү

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Ички иштер органдарынын гарнизондук саптык кароосуна катышты. Бул тууралуу министрлер кабинетинин маалымат кызматынан билдиришти.

Акылбек Жапаров белгилегендей, алдыдагы Жаңы жылдык майрамдарга байланыштуу ички иштер органдары күчөтүлгөн тартипте иштөө режимине өтүүдө.

"Өлкөнүн калкы Жаңы жылдык майрам күндөрү коопсуздугу ишенимдүү колдо экендигин сезүүсү керек",- деди Акылбек Жапаров.

Белгилесек, саптык кароо-инструктажы Бишкекте, ошондой эле республиканын бардык аймактарында күч түзүмдөрүнүн бөлүктөрүнүн кызмат өтөөгө даярдыгын текшерүү, Жаңы жылдык майрамдарда коомдук тартипти камсыз кылуу максатында өткөрүлүүдө. Ошондой эле гарнизондук саптык кароо учурунда экологиялык жана туристтик милициянын техникасы жана транспорту текшерилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан