Өлкөдө 16 жашка чейинки балдардын жарандык паспортунун жарактуу мөөнөтү өзгөрдү. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, эми 1 жашка чейинки баланын жалпы жарандык паспортунун жарактуу мөөнөтү 2 жылга, ал эми 1 жаштан 16 жашка чейинкилердики 5 жылга өзгөртүлдү.
Буга чейин 16 жашка чейинки балага жарандык паспорт 3 жылдык мөөнөткө берилчү.