21-ноябрда “Миллиондук мелдеш” тасмасынын бет ачары болот

“Миллиондук мелдеш” тасмасынын бет ачар аземи 21-ноябрда саат 10:00 Бишкектеги "Манас" кинотеатрында болот. Бул тууралуу тасманын режиссёру Сүйүн Откеев Super.kg порталына билдирди. Тасмага Темирлан Сманбеков, Эгемберди Бекболиев, Шейшенбек Шаршеев, Элдар Супатаев баш болгон белгилүү актёрлор жана Казакстандын “Рэкетир” тасмасында роль жаратып таанымал болгон Саят Исембаев тартылган.  

 

Тасмада өз тармагында ийгиликке жеткен, абройлуу төрт мырза сырдуу мелдешке бел байлашат. Алардын ар бири бирден жигит жалдашат жана шаардын эң сулуу кызына кимдин баласы биринчи болуп үйлөнсө, ошол жеңишке жетет деп мелдешти баштайт. Баш байге 1 000 000 доллар коюлат. Оюнга ат салышкан жигиттерден бизнесмен Бекжан, студент Бакыт, ырчы Жан жана спортчу Марат, кимиси биринчи болуп сулуу Аруукенин жүрөгүн багындырат? Ким миллиондук утушка ээ болот? Мүмкүн, биздин жашообуз менен да бирөөлөр ойноп жаткандыр? Адамдын тагдыры өз колундабы же баарыбыз башка бирөөлөр тарабынан жазылган сценарийдин каармандарыбызбы?" деген суроолорго тасма жооп берет.  

 

“4 бай адам карапайым адамдардын тагдыры менен ойнойт. Карапайым кыздардын бири Арууке. Арууке деген кызга байлар жалдаган балдардын кимиси биринчи үйлөнсө, ошол миллионду утуп чыгат. Баса, бул тасма декабрь айынын ортосунан тарта Орусия жана Түркиянын кинотеатрларында көрсөтүлө баштайт. Ал эми Ош шаарында 1-декабрдан баштап көрсөтүлөт. Казакстанга да коёбуз деген пландарыбыз бар”,- деп кошумчалады тасманын режиссёру Сүйүн Откеев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан