SUPER.KG порталына аты-жөнүн атагысы келбеген жаш кыз кайрылып, буга чейин Сокулук районунан 17 жаштагы кызды зордуктоого шектелген 1990-жылы туулган К.Н. аттуу жаран мурун аны зордуктаганын айтып чыкты.
"Мен ал кезде 18 жашта болчумун. 2019-жылдын жай айында мен дүкөндөн чыгып, үйдү көздөй кетип бара жаткам. Жолдон К.Н. унаасын токтотуп "мен силердин үйгө бара жатам, кел, ала кетейин" деди. Мен ал байкени айылдаш болгондуктан көрүп эле чоңойгом. Соода-сатык менен алектенип калчу. Унаасына отуруп экөөбүз үйдү көздөй жөнөдүк. Бирок биздин үйдүн алдына токтобой түз айдап кетти. Каякка баратабыз десем, "кашардан бир байкеникинен акча ала кетеличи" деп калды. Жаман оюм жок макул деп койдум.
Бирок ал үйдөн өтүп кетип, мага күч колдонууга аракет кылды. Мен унаадан качып чыктым. Артыман жетип барып сабады. Мурдуман кан кетти. Ал ээн жер болгондуктан эч ким жок эле. Эркек киши болгондуктан алым жеткен жок. Ал ошол жерден мени зордуктап, иши бүткөндөн кийин мени ошол жерге таштап кетип калган. Анан бирөөгө айтсаң "үй-бүлөңө кол салам, менин жинди деген кагазым бар. Мени эч ким камабайт. Буга чейин зордуктаган кыздар бар. Акча менен ишти жаап койгом. Тааныштарым бар" деген.
Мен корккондуктан бул окуяны эч кимге айткан эмесмин. Орусияда жүргөн жигитиме айтсам арыз жаз деген. Мен коркуп жазбайм дегем. Бирок жигитим менен баш коштум. Арадан 2 жылдан ашык убакыт өттү.
Мен өткөн ишти козгогум келбейт. Болгону К.Н. зордуктаган башка кыздар чыгат деген максатта окуямды айткым келди. Арыз жаза албайм, анткени үй-бүлөлүүмүн. Турмушумдун бузулушун каалабайм. Кыздар бул өңдүү окуяларды айтып чыксын. Жок дегенде жашыруун түрдө айтышсын демекчимин. Жеке оюмда буларды ата-энеси менен кошо көчүрүп жибергендери туура болду. Анткени алар баарын жаап-жашырып келген. Шектүүнүн атасы менен иниси мурун зордуктоо боюнча отуруп чыккан экен", - деди ал.
Эскерте кетсек, Чүй облусунун Сокулук районунда 17 жаштагы кызга кол көтөрүп, зордуктоого шектүү жаран кармалган. Кыздын атасы Сокулук РИИБине арыз менен кайрылган. Анда арыз ээси 5-декабрь күнү эртең менен 2004-жылы туулган кызын айылдашы Бишкек шаарына жумушка жеткирип коюуну убада кылып, жолдон күч колдонуп зордуктап салганын билдирген.
Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 154-берене ("зордуктоо") боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.