Баткендин Кызыл-Бел айылында 275 орундуу мектеп пайдаланууга берилди

Баткен облусунун Баткен районунун Кызыл-Бел айылындагы А.Масалиев атындагы орто мектептин салтанаттуу ачылыш аземи болуп өттү. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
Маалыматка ылайык, мектептин ачылыш аземине президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев катышты.
"Ачылуу аземдин жүрүшүндө А.Алимбаев пайдаланууга берилген билим уясынын имараты менен да таанышып чыкты. Имарат жалпысынан 275 орунга ылайыкташып, мамлекеттик бюджеттин эсебинен салынган.
Аталган мектеп буга чейин эскилиги жеткендигине байланыштуу өлкө башчы Садыр Жапаровдун Баткен облусуна болгон иш сапарында 8 социалдык объектилердин курулуш иштерине жана капиталдык оңдоодон өткөрүү боюнча тапшырма койгон.
Белгилей кетсек, А.Масалиев атындагы орто мектептин курулушу 2021-жылдын 23-майында башталган. Жаңы мектеп заманбап эмеректер менен толук шартта курулуп пайдаланууга берилүүдө", - деп билдиришти өкүлчүлүктөн.
Баткен облусунун аймагында 8 социалдык объектилердин курулуш иштерине жана капиталдык оңдоодон өткөрүү үчүн республикалык бюджет эсебинен 250 миллион сом акча каражаты бөлүнгөн.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан