Түнкүсүн -20... -25 градуска чейин төмөндөйт. 26-декабрдан тарта туруксуз аба ырайы күтүлөт

Өлкөдө 26-27-декабрь күндөрү туруксуз аба ырайы күтүлөт. Жолдор тайгак болуп, кар күрткүсү жаралат. Айрым жерлерде батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жетет дешет Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен.
26-декабрда күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында жаан, кар жаашы күтүлөт. Жалал-Абад, Баткен облустарында жаан-чачын катуу жаайт. Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын күтүлбөйт, 27-декабрда түнкүсүн кээ бир райондорунда кар жаашы күтүлөт.
27-декабрда түнкүсүн Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында кар жаап, кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаайт. Ал эми күндүз Чүй, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын көпчүлүк аймактарында, Баткен, Талас, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда кар түшөт.
27-29-декабрда абанын температурасы төмөндөйт. 27-28-декабрда Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -4-9°, күндүз 0-5°, Талас өрөөнүндө түнкүсүн -5-10°, күндүз 0-5°, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн 0…-5° суук, күндүз -2° сууктан +3° жылуулукка чейин, тоо этектеринде түнкүсүн -4-9° суук, күндүз -1-6° суук болушу, 28-декабрда түнкүсүн жана 29-декабрда Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн -6-11°, күндүз 0-5°, Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -20-25°, күндүз -5-10°, тоолуу райондордо түнкүсүн -10-15°, күндүз -6-11° суук болушу күтүлөт.
Мындай туруксуз аба ырайы автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Gulina00
2021-12-24 14:53:58
Жаасын эми кыштын кыштай,кыздын кыздай эле болгону жакшы.
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан