Бишкектен эмерек жасайм деп 160 миң сом алып из жашырган адам кармалды. Бул тууралуу Октябрь РИИБинен маалымдашты.
Маалыматка ылайык, 13-декабрда шаар тургуну А.Б. аттуу жаранга карата чара көрүү өтүнүчү менен кайрылган. Анда 12-сентябрда Кулатов көчөсүндө жайгашкан кеңсеге А.Б. эмерек жасоо шылтоосу менен кирип, 160 миң сом өлчөмүндөгү акча каражаттарын алып, азыркыга чейин берген убадасын аткарбай качып жүргөнү айтылган.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси "алдамчылык" менен кылмыш иши козголгон.
"Териштирүү иш-чараларынын жүрүшүндө, Октябрь РИИБинин шаардык милициясынын кызматкерлери тарабынан алдамчылыкка шектүү А.Б. кармалып, тергөө кызматына алып келинген. Кылмыш-процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык, Бишкек ШИИББинин убактылуу кармоочу жайына киргизилди", - деп айтылат маалыматта.