Бишкектеги троллейбустардын жүргүнчүлөрүнө аяз ата менен аяз кыз Жаңы жылдык маанай тартуулашты. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын маалымат кызматынан кабарлашат.
Маалыматка ылайык, №4 каттамдагы троллейбуста аяз ата менен аяз кыз жана 2022-жылдын символу "жолборс" жүргүнчүлөрдү куттукташты.
Бул жолу жүргүнчүлөргө балдардын чыгармачылык борборунун жаш артисттери жана Биринчи Май районунун №78 жана №54 гимназия-мектептеринин мугалимдери катышты.
Белгилей кетсек, аяз ата менен аяз кыз коомдук транспорттордун жүргүнчүлөрүнө 31-декабрга чейин жагымдуу маанай тартуулашат.